Жогорку Кеңеште депутаттар оор кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн алып салууга багытталган мыйзамды кайрадан добушка коюуга каршы болушууда.
Каршы болгондор: Өмүрбек Абдрахманов, Курмантай Абдиев жана Турсунбай Бакир уулу, Анвар Артыков. Булар мыйзамдын мазмуну туура эмес экенин айтышууда. Төрага Асылбек Жээнбеков "мен баары бир добушка коём, добуш менен чечебиз. Анткени комитеттин чечими бар",- деди. Депутаттар бул мыйзам артка карата колдонулбай турганын айтышты.