Ирандын учкучсуз учуучу аппараты Азербайжандын Нахчыван шаарындагы аба майданына кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, видеолорду жарыялашты.
Жарыяланган видеодон учкучсуз учуучу учак катуу ылдамдыкта кулап түшкөнүн көрүүгө болот.
Иран тарап азырынча кырдаал боюнча комментарий бере элек. Учурда жабыркагандар тууралуу дагы так маалымат жок.