Азербайжандын Коргоо министрлиги Нахчыванга жасалган чабуул үчүн Ирандын армиясын күнөөлөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, министрлик учкучсуз учуучу аппараттын кулашы жоопсуз калбай турганын белгиледи.
Бул арада өлкөнүн ТИМи Ирандын Азербайжандагы элчисин чакыртып, нота тапшырды.
Эскерте кетсек, бүгүн, 5-мартта Нахчывандын аэропортуна эки дрон түштү. Ошондой эле Азербайжандын армиясы Иранга чектеш аймактарга жайгаштырылганы кабарланды.