Биз социалдык тармакта

Иран Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө эки кемеге уруксат берди 

Иран Ормуз кысыгы аркылуу өзүнө дос өлкөнүн эки кемесинин өтүшүнө уруксат бери. Бул тууралуу Ирандын Аскер-деңиз күчтөрүнүн өкүлү билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалымат боюнча, кысыктын жабылышынын үчүнчү күнүндө Ирандын макулдугу менен эки гана кеме кысыктан өткөн. Биринчи күнү Иран күчтөрү эки танкерге сокку урган. Ал эми экинчи күнүндө АКШ тарап өтүүгө үндөгөн бир нече кеме бутага алынган. Ал эми төртүнчү күндөн тарта Ормуз кысыгы аркылуу кеме кыймылы толугу менен токтогону маалым болду.

Эске салсак, Иран буга чейин аталган кысыкты жапканын жана аймакка кирген бардык кемелерди аткылай турганын эскерткен.

Андан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп Перс булуңунда мунай жана газ тышыган компанияларды тез арада камсыздандырууну тапшырып, Ормуз кысыгы аркылуу өтө турган кемелерге аскердик коштоону убада кылган болчу.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан