Доха шаарында коопсуздук коркунучунун деңгээли жогорулатылды. Бул тууралуу эмираттын Ички иштер министрлиги расмий билдирүү таратып, шаар тургундарын этият болууга чакырган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, учурда бардык жашоочуларга үйлөрдөн чыкпай, имарат ичинде калуу сунушталууда. Ошондой эле терезелерден жана ачык аймактардан алыс болуу эскертилди.
Азырынча күчөтүлгөн коопсуздук чаралары канча убакытка созулары жана кырдаалдын чоо-жайы тууралуу кошумча маалымат бериле элек. Расмий органдар абалды көзөмөлдөп жатканын билдиришти.