Кыргызстан 1990-жылдан бери 5 миллиард доллардан ашуун насыя алган. Мындай маалымат сырткы карыздар боюнча мониторинг жүргүзгөн жумушчу топтун мүчөлөрүнүн докладында көрсөтүлгөн.
Ага ылайык, 1 миллиард долларга жакын карызды Кыргызстан төлөгөн же төлөп жатат. Азыркы тапта өлкөдө 140ка жакын насыялар активдүү иштегендердин катарында.
Насыялардын басымдуу бөлүгү Кытайдын Экспорт-импорттук банкынан (1 миллиард доллар) алынган. Бүткүл дүйнөлүк банкынан 860 миллион доллар, Азия өнүктүрүү банкы – 857 миллион доллар жана Эл аралык валюта фондунан 319 миллион доллар.
Насыялардын бөлүнүшү боюнча жалпы суммадан транспорттук каражаттарга 810 миллион доллар, энергетика – 794 миллион доллар, жергиликтүү өнүктүрүүгө – 460 миллион доллар, экономикага – 459 миллион доллар, мамлекеттик башкарууга – 441 миллион доллар, телекоммуникацияга – 44 миллион доллар, билим берүүгө жана социалдык коргоого – 71 миллион доллар жана саламаттыкты сактоо тармагына 51 миллион доллар каралган.