Биз социалдык тармакта

Кувейттин жээгинде танкер жарылып, андагы мунай сууга төгүлгөн

Кувейттин жээгинде танкер жарылып, андагы мунай сууга төгүлгөнү айтылды. Бул тууралуу Улуу Британиянын Деңиз соода уюму билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя 4-мартта Кувейттин Мубарак ал-Кабир портунан түштүк-чыгышта 55,5 чакырым аралыкта болгон. Кувейттин Ички иштер министрлиги окуя өлкөнүн аймактык сууларынан тышкары, порттон кеминде 60 чакырым алыстыкта ​​болгонун тактады.

"Суудан танкерден аккан мунай табылды. Бул экологиялык кесепеттерге алып келиши мүмкүн", - деп билдирген аталган уюм.

Танкер кайсы өлкөгө таандык экени жана кимдин мунайын ташып бара жатканы такталган эмес.

Бул АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик чабулу башталгандан берки танкерлерге жасалган биринчи сокку эмес.

Эске салсак, Иран буга чейин аталган кысыкты жапканын жана аймакка кирген бардык кемелерди аткылай турганын эскерткен.

Андан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп Перс булуңунда мунай жана газ тышыган компанияларды тез арада камсыздандырууну тапшырып, Ормуз кысыгы аркылуу өтө турган кемелерге аскердик коштоону убада кылган болчу.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан