Франция АКШнын учактарына Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларын убактылуу колдонууга уруксат берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар AFP агенттигине таянып билдирүүдө.“Америка менен мамилелерибиздин алкагында алардын учактары региондогу биздин базаларда убактылуу болууга уруксат берилди. Бул учактар Франциянын аймагындагы өнөктөштөрүн коргоого жардам берет”, - деп билдирген Башкы штабдын өкүлү.