Биз социалдык тармакта

Ирандын соккусунан Бахрейндин борборунда эки мейманкана жабыркады

Ирандын жасаган соккусунан Бахрейндин борбору Манама шаарында эки мейманкана жана бир турак үй жабыркады. Бул тууралуу 6-мартта падышалыктын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы X социалдык тармагында билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматта "Ирандын агрессиясы Манамадагы эки мейманканага жана бир турак үйгө багытталып, материалдык зыян келтирди" деп айтылат. Ошондой эле окуянын кесепетинен адам өлүмү катталбаганы белгиленди.

Bahrain Defence Force 5-мартта билдиргендей, падышалыкка каршы чабуулдар башталгандан бери Иран аймагынан учурулган 75 ракета жана 123 учкучсуз учуучу аппарат атып түшүрүлгөн.

Бийлик жарандарды ракеталардын сыныктары түшкөн жерлерге жана шектүү буюмдарга жакындабоого чакырып, ошондой эле аскердик операцияларды же окуя болгон жерлерди сүрөткө же видеого тартпоону суранды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан