Кытайлык Hurun Research Institute изилдөө уюмунун баяндамасына ылайык, Кытай эң көп долларлык миллиардерлери бар өлкөлөрдүн рейтингинде АКШны артка калтырып, биринчи орунду ээледи.
Hurun Global Rich List-2026'нын маалыматы боюнча, 2026-жылы дүйнөдөгү долларлык миллиардерлердин жалпы саны биринчи жолу 4000ден ашып, 4020 адамга жеткен.
"Дүйнөдө 1110 миллиардери менен Кытай лидерлик кылат, бул өткөн жылга салыштырмалуу 287ге көп, АКШ 1000 миллиардер менен экинчи орунда турат, бул мурунку жылга караганда 130га көп",- деп жазылат маалыматта.
Үчүнчү орунду 308 миллиардери менен Индия ээледи, андан кийин Германия, Улуу Британия жана Швейцария турат.
Финансылык активдерди эсептөө 2026-жылдын 15-январына карата маалыматтарга негизделген.