Биз социалдык тармакта

АКШда жеңил учак кулап, үч адам жаракат алды

АКШнын Феникс шаарында жеңил моторлуу учак кулап, турак жайлар зыянга учурады. Бул тууралуу The New York Post басылмасы жазды.

Маалым болгондой, кырсыктын кесепетинен учактын бортундагы эки жаран, турак жайдагы бир адам жабыркаган. Алардын абалы туруктуу деп бааланууда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Piper PA-28 учагы Феникстеги Дир-Вэлли аэропортунан учуп, бирок техникалык мүчүлүштүктөн улам кайра кайтууга аргасыз болгон. Учак конуу учурунда кулап түшкөн. Ал жерде эки турак жай зыянга учураган.

"Куткаруучулар кырсык болгон жерде тазалоо иштерин жүргүзүштү",- деп жазылат маалыматта.

Учурда бул кырсыктын себептерин иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан