Вашингтон Ирандын азыркы жетекчилигин толугу менен жок кылууга аракет кылып, өлкөдө жакшы лидер болушун каалайт. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп билдирди.
"Биз баарын тазалагыбыз келет. Биз кайра кура турган бирөөнү каалабайбыз. Биз аларда жакшы лидер болушун каалайбыз. Бизде бул ишти аткара ала турган бир нече адам бар",- деген ал NBC News каналына берген маегинде.
Америкалык лидер ошондой эле анын тизмесиндеги адамдардын жаңжалдан аман калышын камсыз кылуу үчүн чараларды көрүп жатканын айтып, "биз аларды көзөмөлдөп жатабыз, ооба" - деди.