Оор кылмыштарды кечирбөө боюнча мыйзамды кайрып келүү сунушу добушка коюлуп өттү

Жогорку Кеңештин 23-январдагы жыйынында оор кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн жоюу боюнча мыйзамды кайрып келүү сунушу добушка коюлуп колдоо тапты. Ага 61 депутат макул деп добуш берди. Кайрып келүү менен мурунку добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгып, мыйзамды кайрадан добушка коюуга жол ачылат.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште 15-январда "мамлекеттик чыккынчылык", "коррупция" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталган адамды кайсы убакыт болбосун, жоопко тартууга мүмкүнчүлүк бере турган мыйзам долбоорду депутаттар колдобой коюшкан. Бирок эртеси көпчүлүк депутаттар ордуна башка депутат добуш бергенин, мыйзам долбоорун кайра добушка коюуну айтып чыгышкан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан