Бүгүн, 23-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Жапалак айыл өкмөтүнүн эли менен жолукту.
"Урматтуу жапалактыктар, силердин сөзүңөрдү угуп олтуруп көйгөйлүү маселелер көп экенин билип отурам. Мен алгачкы иш күнүмдү сиздерден баштаганымдын себеби, көйгөйлүү маселени өз жеринде чечүү болуп саналат. Кабинетимде көп отурбай, элдин көйгөйүн өз айылдарына барып, өз көзүм менен көрүп, болушунча эл арасында болгонго аракет кылам",- деди шаар мэри.
Ал эми Жапалак айылынын тургуну Камилов Жаныбек мэрден таза суу менен тез арада камсыз кылып берүүсүн суранып, "айылдын 27 миң калкынын бири да таза суу ичпейт" деп билдирди.