АКШнын Юстиция министрлиги абакта өз өмүрүн кыйган чуулуу финансист Жеффри Эпштейндин жабырлануучуларынын биринин суракта айткандарынан үзүндүлөрдү камтыган Федералдык тергөө бюросунун документин жарыялады.
Анда аял АКШнын президенти Дональд Трампты зордуктоого кылмышына айыптаганы белгиленгенин чет элдик басылмалар жазышууда. Жабырлануучу ошондой эле Трамп ага кыймылсыз мүлк бизнеси үчүн курулуш уруксаттарын мыйзамсыз алганын, казинолор аркылуу акчаны адалдоо жөнүндө айткандарын билдирген.