
АКШ президенти
Дональд Трамп адегенде Иранга каршы аскердик операцияны аяктап, андан кийин Куба боюнча саясатын аныктай турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирүүдө.
АКШ лидери Ак үйдө сүйлөп жатып, мамлекеттик катчы Марко Рубионун Куба маселеси боюнча мыкты иштеп жатканын белгиледи. Ошол эле учурда, азыр АКШнын негизги көңүлү Ирандагы операцияда экенин кошумчалады.
“Кубада болуп жаткан окуялар таң калычтуу. Бул болгону убакыттын гана маселеси, сен жана башка көптөгөн мыкты адамдар АКШдан кайра Кубага барасыңар. Бирок ал жакта калуу үчүн эмес. Биз сенин кайра кайтып келишиңди каалайбыз”, - деп билдирген Трамп Рубионун кубалык тегин эске алуу менен.
Мындан тышкары ал Венесуэладагы абал турукташканын билдирди. “Венесуэлага Дельси Родригес аттуу мыкты президент шайланды. Ал жана анын командасы биз менен кызматташып, абдан жакшы иштеп жатат”, - деп айткан АКШ лидери.
Ошондой эле АКШ Венесуэладан жүз миллиондогон баррель мунай алып, аны Хьюстон жана башка шаарларга кайра иштетүү үчүн жөнөтүп жатканын, бул Венесуэлага мурдагыга салыштырмалуу көп каражат алып келерин кошумчалаган.