Иранда 144 сааттан бери интернет дээрлик өчүк. Бул тууралуу NetBlocks интернет-мониторинг кызматы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
"Иранда алты күндөн бери интернет өчүк. 144 сааттын ичинде байланыштын ылдамдыгы болгону 1 пайызды түздү",-деп жазган аталган кызмат X социалдык тармактагы баракчасына.
Белгилей кетсек, АКШ менен Израилдин Иранга жасаган соккусунан улам аймакта байланыш өчүрүлгөн.