Израилдин Ливандагы "Хезболлага" каршы операциясында кеминде 123 киши набыт болуп, 683 киши жарадар болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып Al Jazeera телеканалы билдирди.
"2-марттан бери Ливанда каза болгондордун саны 123 кишиге жетип, 683ү жарадар болду", - деп айтылат билдирүүдө.
Телеканал бүгүн эртең менен Израил Ливандын борбору Бейруттун түштүк четиндеги райондоруна сокку уруп жатканын кабарлаган. Анда турак жайларга жана ооруканаларга чабуул жасалып жатканы айтылган. Буга жооп катары "Хезболла" Израилдин Ливан менен чектеш аймактарынын тургундарына эскертүү жасады.