Ош шаары жылуулук менен туруктуу камсыздалууда. Бул туурасында бүгүн, 23-январда Ош шаардык жылуулук берүү муниципалдык ишканасынын жетекчиси Кубанычбек Алишеров жыйын учурунда билдирди.
Маалыматка ылайык, сырттагы абанын температурасы +5 градус болгондуктан, шаардыктарга жылуулук +57 градустагы суу менен берилип жатат. Ал эми кайра айланып келгенден кийинки суунун температурасы +50 градусту түзүүдө.
Бүгүнкү күндө аталган ишканага караштуу 57 от казаны иштеп, шаардын Сулайман тоо аймактык кеңешинин, Курманжан датка аймактык кеңешинин, Кеңеш айыл өкмөтүнүнү жашоочуларын жылуу суу менен камсыз кылууда.