Оор кылмыштарды кечирбөө боюнча мыйзам кайра добушка коюлуп, депутаттар колдошту

Жогорку Кеңеште бүгүн, 23-январда оор кылмыштардын эскирүү мөөнөтүнө коюлган чекти алып салуу боюнча мыйзам долбоору кайрадан добушка коюлуп, депутаттар экинчи окууда колдошту. Каттоодон 64 депутат өтүп, 58и "макул"  6сы "каршы" деп добуш беришти.  

Айта кетсек, бул маселе жыйында чоң талаш жаратты. Депутаттар бири-бирине ачуу сөздөрдү айтканга чейин барышты. Алгач башка депутаттардын атынан каттоодон өткөндөр болду. Бир нече жолу каттоо жүрдү. Акыры мыйзамдын кайра добушка коюлушуна каршы депутаттар залдан чыгып кетишти. 

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште 15-январда "мамлекеттик чыккынчылык", "коррупция" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталган адамды кайсы убакыт болбосун, жоопко тартууга мүмкүнчүлүк бере турган мыйзам долбоорду депутаттар колдобой коюшкан. Бирок эртеси көпчүлүк депутаттар ордуна башка депутат добуш бергенин, мыйзам долбоорун кайра добушка коюуну айтып чыгышкан.

Мыйзамды депутат Өмүрбек Текебаев демилгелеп чыккан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан