Израил армиясы Ирандагы бир катар мамлекеттик объектилерге каршы жаңы масштабдуу соккуларды баштаганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, соккулар Тегеран жана Исфахан шаарларындагы буталарга багытталган.
"Израилдин коргонуу армиясы Тегеран жана Исфахандагы ирандык режимдин объектилерине каршы масштабдуу соккулардын жаңы сериясын баштады", — деп айтылат Израил армиясынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.
Азырынча соккулардын кесепети жана жабыркагандар тууралуу расмий маалыматтар айтыла элек.