Украинанын ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Киевдеги демонстранттар менен полициянын кагылышуусунда күч органдарынан 254 адам жаракат алды.
Алгач шаардын Грушев көчөсүндөгү баш аламандыктан 254 укук коргоочулар жардам сурап кайрылышкан. Алардын 104 ооруканага жеткирилген. Аларга баш сөөгүнөн жаракат алган, денесинде күйүк жана белгисиз заттар менен ууланган деген диагноздор коюлууда.
19-январда башталган кагылышта демонстранттар таш, күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышса, тартип коргоочулар көздү ачыштыра турган газ чачып, кулак тундурган граната, союл колдонушкан. Активисттер полиция ок чыгарганынан адамдар каза болууда дешсе, Ички иштер министрлиги полиция кадимки окту колдонбогонун айтууда.