Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Орусиядагы кыргыздар орус тилинен качан экзамен тапшыра баштайт? Орус тилин билбегендер өлкөдөн чыгарылабы? Суроо калтырган Kopkok_betmin
Жооп: - Орус тилин билбеген кыргыз жарандары Орусиядан чыгарылбайт. Кыргыз жарандары миграциялык каттоого туруу же иштөө эрежелерин бузган учурда гана административдик чыгарууга дуушар болушат. 2013-жылдын башынан бери эле Орусиядагы мигранттар орус тилинен экзамен тапшырып келе жатышат. Бирок бул экзаменди чет элдик жарандардын баары эле тапшыра беришпейт. Кээ бир кесиптерде иштөө үчүн орус тилин жакшы деңгээлде билүү зарыл болсо, ошолор гана экзамен тапшырууга аргасыз.
Суроого Тышкы иштер министрлигинен жооп беришти.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.