Биз социалдык тармакта

Трамп АКШнын жеңишке жетерине жана Ирандын ракеталары өтө аз калганына ишенет

"Биз тез жана мурда болуп көрбөгөн деңгээлде жеңишке жетип жатабыз". Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп CBS News телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Иранда дээрлик баары жок кылынган.

"Ракеталарды талкалап салышты, алардын өтө азы калды. Дрондор жардырылды, заводдор азыр жардырылып жатат. Аскер-деңиз флоту, Аскер-аба күчтөрү жок кылынды, ар бир аскердик элемент жок кылынды. Алардын жетекчилиги жок кылынды. Жок кылынбаган эч нерсе жок", - деди ал.

Айта кетсек, 28-февралда АКШ жана Израил Иранга каршы аскердик операция башташкан. Ирандын ири шаарларына сокку урулган. Ислам революциясынын гвардия корпусу Израилдеги буталарга чабуул коюп, кеңири масштабдуу жооп кайтаруу операциясын баштаган. АКШнын Бахрейн, Иордания, Катар, Кувейт, БАЭ жана Сауд Арабиясындагы буталарына да сокку урулган. Иранга жасалган соккуларда өлкөнүн жогорку лидери Али Хаменеи каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан