Кечээ, 22-январда Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында район аймагында калктын малдарына зыян алып келип жаткан жырткыч карышкыр, чөө-бөрүлөрдү атып жок кылуу боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда аталган райадминистрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылда жыртчкыч карышкыр, чөө-бөрүлөр тарабынан район боюнча 82 баш жылкы, 2 баш кара мал, 69 баш топоз, 417 баш кой-эчки, 9 баш мамалак чыгымга учурап, райондун калкы 9 миллион 592 миң сомдук зыян тарткан.
Жыйындын жүрүшүндө райондук мергенчилик инспекциясынын өз ишине болгон жоопкерсиздиги, мергенчилер менен жеткиликтүү деңгээлде иш алып барбагандыгы райондогу мергенчилер тарабынан баса белгиленип, нааразычылыктар айтылып, башка адамды шайлоо боюнча бир добуштан чечим кабыл алышты.
Райондун акими Т.Сарыбашовдун демилгеси менен бардык 14 айыл өкмөттө мергенчилер бир күндө чыгып, жырткыч карышкыр, чөө-бөрүлөрдү атып жок кылуу пландаштырылды. Райондук ички иштер бөлүмү тарабынан курал-жарак жагынан жардам көрсөтүлөрү айтылды.