Жогорку Кеңеш: Төрага менен Турсунбай Бакир уулунун ортосунда келишпестик чыкты

Парламентте бүгүн, 23-январда төрага Асылбек Жээнбеков менен депутат Турсунбай Бакир уулунун ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Пикир келишпестик оор кылмыштардын эскирүү мөөнөтүндөгү чекти алып сала турган мыйзамды кайрадан добушка коюу учурунда келип чыкты. 
Көптөгөн талаш-тартыштардан кийин мыйзамдын кайрадан добушка коюлушуна каршы депутаттар залдан чыгып кетишти. Турсунбай Бакир уулу залдан чыккан жок, бирок каттоодон өтпөдү жана добуш бербеди. Мындан кийин төрага Асылбек Жээнбеков депутаттан: "макулсузбу же каршысызбы?"- деп сурады. Бакир уулу "мен берген суроолорума жооп ала албай жатам, анан кантип добуш берем? Сиз добуш берүүдөн кийин жооп берем деп жатасыз, добушумду бергенден кийин мага жооптун эмне кереги бар?"- деди.
Мындан кийин Асылбек Жээнбеков: "Жооп берем деп жатам го. Качантан бери бири-бирибизге ишенбей калдык эле? Ушунчалыкка барып калдыкпы?"- деп айтты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан