Өзбекстан Жакынкы Чыгыштан жалпы 19 миң 347 жаранын мекенине кайтарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, бул иш-чаралар өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги, Транспорт министрлиги жана дипломатиялык миссиялардын күчү менен 24 сааттык режимде жүргүзүлүүдө.
7-марттагы операциянын эң интенсивдүү күндөрүндө Сауд Арабиясынан 9 авиакаттам уюштурулду. Ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарынан 2 каттам, Эр-Рияд эл аралык аэропортунан Centrum Air авиакомпаниясынын учагы менен каттамдар уюштурлду.
Өкмөт билдиргендей, жарандарды коргоо жана мекенине кайтаруу иштери системдүү жана этап-этабы менен жүргүзүлүп, бардык жарандардын коопсуздугу камсыз болгонго чейин улантылат.