“Өмүрбек Текебаев демилгелеп чыккан оор кылмыштардын эскирүү мөөнөтүндөгү чекти алып сала турган мыйзамга каршы чыккан депутаттар Жылдыз Жолдошова менен Курмантай Абдиев чыныгы эл душманы экен. Эми көзүм жетти. “Ата Журтчулар” накта Бакиевдин куйруктары экен”.
Муну бүгүн, 22-январда “Парламент” радиосунун түз байланышында Кант шаарынын тургуну Каныбек Мырзаканов айтты. Ал түз байланышта суроого жооп берип жаткан депутат Абдрахман Маматалиевге: “Ушуну депутаттарга айтып коюңуз. Мейли, сотко берсе беришсин. Аты-жөнүм Каныбек Мырзаканов”,- деди.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште 15-январда "мамлекеттик чыккынчылык", "коррупция" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталган адамды кайсы убакыт болбосун, жоопко тартууга мүмкүнчүлүк бере турган мыйзам долбоорду депутаттар колдобой коюшкан. Бирок эртеси көпчүлүк депутаттар ордуна башка депутат добуш бергенин, мыйзам долбоорун кайра добушка коюуну айтып чыгышкан.
Бүгүн, 23-январда мыйзам долбоору кайрадан добушка коюлуп, депутаттар колдошту. Каттоодон 64 депутат өтүп, 58и "макул", 6сы "каршы" добуш беришти. Айрым депутаттар мыйзам долбоорунун кайрадан добушка коюлушуна каршы болушуп, залдан чыгып кетишти.