Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаковго таянып, орусиялык басылмалар жазышты.
Айтымында, эки өлкө лидери сүйлөшүүдө Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды, Украинадагы тынчтык жараянын талкуулашкан.
"Бүгүн кечинде Орусия менен АКШнын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү. Дональд Трамп Владимир Путинге телефон чалып, эл аралык кырдаалдын учурдагы өнүгүшүнө байланыштуу бир катар өтө маанилүү темаларды талкуулашты",- деген Ушаков.
Ал белгилегендей, сүйлөшүүдө Ирандын айланасындагы кырдаал, ошондой эле Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча маселе талкууланган. Ушаков сүйлөшүү бир саатка жакын созулуп, ал конструктивдүү маанайда болгондугун белгиледи.