Турсунбай Бакир уулу: "Эки кемчилигимди моюнга алам: дайыма кечигип жүрөм жана мыйзамга баш ийем"

"Эки кемчилигимди моюнга алам: дайыма кечигип жүрөм жана ар дайым мыйзамга баш ийем",- дейт депутат Турсунбай Бакир уулу парламенттин 23-январдагы жыйынында. Айтымында, оор кылмыштарды кечирбөө боюнча мыйзам долбоорунда тактай турган жерлери бар. "Мен 1991-жылдан бери оор кылмыш кылгандарды жоопко тартууга макулмун. Бирок мени кызыктырган суроолорго жооп алмайынча мыйзамга добуш бербейм",- деди ал. 
Эскерте кетсек, аталган мыйзам долбоору бүгүн экинчи окууда кабыл алынды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан