Биз социалдык тармакта

Ким Чен Ын Түндүк Корея менен Кытайдын ортосундагы достукту бекемдөөгө убада берди

Түндүк Корея Кытай менен достук мамилени жана кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу өлкө президенти Ким Чен Ын Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге жолдогон телеграммасында билдирген.

Андагы маалымат боюнча, Ким Чен Ын кытайлык кесиптешине Кореянын Эмгек партиясынын башкы катчысы болуп кайра шайланышы менен куттуктаганы үчүн ыраазычылык билдирип өткөн.

Телеграммада Түндүк Кореяын лидери корей-кытай салттуу достугун жаңы доордун талаптарына жана эки элдин кызыкчылыктарына ылайык мындан ары да өнүктүрүү партия менен өкмөттүн туруктуу позициясы экенин белгилеген.

Ошондой эле ал Түндүк Корея менен Кытайдын ортосундагы кызматташтык социалисттик жалпы ишти алдыга жылдыруу жолунда дагы да тыгыз болоруна ишенерин кошумчалай кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан