
Ирандын Куралдуу күчтөрү Ормуз кысыгындагы кырдаалды толук көзөмөлдөп жатканын билдирип, аймактан мунай экспорттоого жол бербей турганын маалымдады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"АКШ армиясы жана сионисттик режим Иран элине жана анын инфраструктурасына каршы агрессиясын улантып жаткан шартта Ирандын Куралдуу күчтөрү кошумча билдирүүгө чейин аймактан бир литр да мунай экспорттоого жол бербейт",- деп билдирген Ислам революциясынын сакчылары корпусунун өкүлү Сардар Наини ирандык Tasnim агенттигине берген маегинде.
Ошондой эле Ирандын Куралдуу күчтөрү согуштун качан аяктай турганын өздөрү аныктай турганын белгилеп, Ормуз кысыгында АКШнын Gerald R. Ford аттуу авианосецин тосуп алууга даяр экенин кошумчалады.
Буга чейин АКШ президенти
Дональд Трамп Иран менен болгон согуш дээрлик бүтүп калганын
билдирген.