Иран бийлиги АКШ жана Израил менен болгон кагылышууга байланыштуу Ирандагы кырдаал тууралуу маалымат тараткандарга интернетти камсыз кылууда. Бул тууралуу Иран өкмөтүнүн басма сөз катчысы Фатеме Мохажерани билдиргенин жергиликтүү SNN телеканалы жарыялаган.
"Ирандын үнүн жеткире алган адамдарга интернетке мүмкүнчүлүк берүү аракеттери каралып жатат",- деген Мохажерани.
Белгилей кетсек, буга чейин NetBlocks интернетке мониторинг кызматы Иранда дээрлик 10 күндөн бери интернет толугу менен өчүрүлгөнүн билдирген болчу.