Биз социалдык тармакта

Иран АКШ менен Израилдин соккуларынан 200дөн ашык аял жана бала каза болгонун билдирди 

Иран бийлиги АКШ менен Израилдин соккуларынан 200дөн ашуун аял жана бала каза болгонун билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Андагы маалымат боюнча, кол салуулардан жалпы 206 аял жана бала каза болгон. Учурда жаңжалдын курмандыктары тууралуу так маалымат жок. Бирок Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани 1300дөн ашуун адам каза болгонун маалымдаган.

Мындан тышкары ондогон медициналык мекемелер аткылоого кабылып, 16 тез жардам унаасы талкаланып, 11 дарыгер каза болгон. Жергиликтүү Кызыл жарым айдын коому 13миң 500дөн ашуун жарандык имарат жарактан чыкканын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан