Иран акыркы соккулардын толкунунда Бириккен Араб Эмираттары жана Бахрейн аймагындагы америкалык аскердик базаларга чабуул жасаганын билдирди. Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылар корпусу маалымдагандыгын чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Аль-Дафра авиабазасы жана Жуффейр аскер базасы аймагындагы америкалык аскерлер топтолгон жерлер ракеталар жана сокку уруучу дрондор менен аткыланган.
Ошондой эле Иран күчтөрү Израилдеги Рамат-Давид авиабазасына, Хайфа шаарындагы аэропортко жана Бней-Брак аймагындагы ракеталык учуруучу жайларга сокку урганын билдиришти.