АКШ Украинадагы согуштун аяктоо мүмкүнчүлүгүнө карата позитивдүү маанайда экенин билдирди. Бул тууралуу АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, АКШ бул жаңжалды токтотуу мүмкүнчүлүгүнө ишеним менен карап жатат.
“Бул — аякташы керек болгон согуш. Биз бул маселеде оптимисттик мамилени сактоону улантабыз”, — деди Уиткофф CNBC телеканалына берген маегинде.
Ал ошондой эле Украинадагы согуш мүмкүн болушунча тезирээк аякташы керектигин белгиледи.