Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани 8-мартта Бейрут шаарында жасалган соккудан төрт ирандык дипломат каза болгонун билдирди. Бул тууралуу ал Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерришке жолдогон катында маалымдаган.
Маалыматка ылайык, 8-март күнү таң эрте Израил күчтөрү Бейруттагы Ramada Hotel Beirut мейманканасына сокку урган. Натыйжада Иран Ислам Республикасынын төрт дипломаты каза тапкан.
Иран тарап бул окуяны “атайылап жасалган террордук акт” деп баалап, эл аралык коомчулукту бул окуяга көңүл бурууга чакырды. Тегеран бул маселени эл аралык деңгээлде көтөрөрүн билдирген.
Азырынча Израиль тараптан бул маалымат боюнча расмий комментарий бериле элек.