Депутат Талант Узакбаев “бир кыз унаасы менен унаамды сүздү эле, кайра ага акча бердим” дейт

Жогорку Кеңештин жыйынында жол кырсыктары боюнча маселе каралууда. Ага вице-премьер-министр Токон Мамытов баштаган өкмөт өкүлдөрү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп беришүүдө.

Депутат Талант Узакбаев жол кырсыктарын азайтуунун себептери менен эмес, натыйжасы менен күрөш жүрүп жатканын айтты.

“Бир жолу жол жээгинде унаам менен токтоп турсам, артымдан бирөө келип сүздү. Түшүп карасам, жапжаш кыз экен, ыйлайт. Аны көрүп жиниң эмес, ыйлагың келет. Сүзгөнү аз келгенсип “бул эмне кылганыңыз, ушул жерге да токтойсузбу” деп мени күнөөлөйт. Унаасын жаңы эле оңдотуп айдап чыккан экен. Эми “атам өлтүрөт” деп менден акча сурады. Анын абалын көрүп, акча берүүгө туура келди”,- дейт Узакбаев.

Узакбаев катаал МАИ кызматкерлерин ишке алуу зарыл экенин айтат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан