Швейцариянын батышындагы Керцерс шаарында автобуста чыккан өрттөн кеминде алты адам каза болуп, беш жаран жаракат алды. Бул тууралуу "Франс Пресс" агенттиги полицияга таянуу менен кабарлады.
Маалым болгондой, траспорттогу өрт шейшемби күнү кечинде чыгып, автобус толук күйүп кеткен.
"Өрттүн кесепетинен кеминде алты адам каза болуп, бешөө жараат алды, алардын үчөө оор абалда. Дагы эки жаранга жеринде медициналык жардам көрсөтүлдү",- деп жазылат маалыматта.
Күйүп кеткен автобус улуттук почта кызматына тийиштүү PostBus компаниясына таандык болгон. Швейцариянын президенти Ги Пармелин каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын белгиледи.
Учурда прокуратура кырсык боюнча тергөө амалдарын жүргүзө баштады.