Биз социалдык тармакта

Түндүк Корея Ирандын аракетин колдоду

Пхеньян АКШнын жана Израилдин Иранга каршы аракеттерин айыптайт жана Иран элинин өз лидерин тандоо укугун сыйлайт. Бул тууралуу Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү билдирди.

"Биз Иран элинин жогорку лидерин жана анын тандоо укугун сыйлайбыз",- деди ал.

Министрликтин өкүлү өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүү "бүткүл дүйнө тарабынан айыпталышы керек" деп белгилеген.

"Биз Иранга мыйзамсыз аскердик чабуул аркылуу аймактагы тынчтыктын жана коопсуздуктун пайдубалын бузуп, эл аралык деңгээлде туруксуздукту күчөтүп жаткан АКШ менен Израилдин агрессивдүү аракеттерине олуттуу тынчсыздануубузду билдиребиз жана муну катуу айыптайбыз",- деп кошумчалаган ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан