Иран АКШга сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо үчүн негизги үч талапты койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Анда жазылган маалыматтар боюнча, Иран бийлиги АКШ төмөнкү үч талапты аткарса согушту токтотууга макул.
Белгилей кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.
Израил менен АКШнын жасаган соккуларынын натыйжасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болгон. Ал эми Ирандын Кызыл Жарым Ай коомунун акыркы маалыматы боюнча, Иранда АКШ менен Израилдин чабуулунан 1200дөн ашык адам каза болгон.