АКШнын президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгына мина коюуга аракет кылган бардык кемени жок кыларын айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social социалдык тармагына жарыялады.
"Биз Ормуз кысыгын миналоого аракет кылган кемелерди жок кылабыз. Бул үчүн атайын технологияларды жана ракеталык каражаттарды колдонобуз. Алар менен тез жана катуу эсептешебиз. Акыркы бир нече саатта миналарды коюуга аракет кылган 10 кеме талкаланып, толугу менен жок кылынды. Мындай учурлар дагы кайталанат",- деген АКШнын лидери.
Ал арада чет элдик басылмалар АКШ тарап ирандык кемелерге, анын ичинде 16 мина салууга аракет кылган транспортко сокку урганын жазышты.
Буга чейин Трамп аталган кысыкка орноткон миналарын дароо алып салбаса, анда өлкө үчүн мурда болуп көрбөгөндөй аскердик кесепеттер болорун эскерткен эле.