Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын уулу Юсуф өлкөнүн жаңы жогорку лидери Можтаба Хаменеинин ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр тууралуу маалыматтарды четке какты.
"Мен Можтаба мырзанын жаракат алганы тууралуу кабарды уктум. Ага жакын досторумдан сурадым. Алар анын ден соолугу чың жана эч кандай көйгөй жок дешти",- деп жазган президенттин уулу Telegram каналына.
Айта кетсек, интернет желесинде Можтаба Хаменеи жарадар болгону тууралуу маалымат чыгып, сүрөт тараган.