Иран мусулман өлкөлөрүнөн АКШ менен Израил күчтөрүнүн жайгашкан жерлерин көрсөтүүнү суранды. Бул тууралуу Ирандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын расмий өкүлү Абольфазль Шекарчи жергиликтүү басылмага маек берип жатып айткан.
Анын айтымында, аймактагы эл АКШ менен Израил аскерлеринин жайгашкан жерлерин билдирсе, Ирандын куралдуу күчтөрү аларга так сокку уруп, карапайым калкка зыян тийгизбөөгө аракет кылат.
Ошондой эле Шекарчи Ирандын куралдуу күчтөрү жакын арада АКШ менен Израилдин Жакынкы Чыгыштагы объекттерине кыйратуучу соккуларды жасай турганын кошумчалаган.