Израил армиясынын Башкы штабынын башчысы Эяль Замир Израил Иранга каршы соккуларды күчөтүүнү пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, Израилдин коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) Ирандын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн алсыратуу жана узак мөөнөттүү коркунучту азайтуу максатында операцияларын улантат.
Замир Израилдеги Тель-Ноф авиабазасында сүйлөп жатып, жүргүзүлүп жаткан кампания Ирандагы режимди жана анын негиздерин барган сайын алсыратып жатканын белгилеген. Анын сөзүнө караганда, ушул убакка чейин режимдин миңдеген аскерлери жана командирлери жок кылынган.
Ошондой эле ал Израилдин душмандарынын эч кимиси кол тийбес эмес экенин айтып, Израил аларга кайсы жерде болсо да жетип бара аларын кошумчалады.