Израилдин армиясы Иран аймагынан Израил тарапка ракета учурулганын кайрадан каттаганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар армиянын маалымат бөлүмүнө шилтеме берүү менен жазышты.
Аскердик мекеменин маалыматына ылайык, Израилдин коргонуу системдери коркунучту аныктап, ракеталарды абадан тосуп алуу боюнча иш алып барышууда.
Азырынча ракеталык чабуулдун кесепеттери жана жабыркагандар тууралуу маалымат бериле элек.