Ирандагы мектепке жасалган кол салуу жарандык калк арасындагы жоготууларды мүмкүн болушунча азайтуу үчүн бардык чараларды көрүү принцибин бузат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын өкүлү Тамин аль-Китан билдирди.
"Бул сокку согуш аракеттерин жүргүзүүгө байланыштуу эл аралык гуманитардык укуктун принциптеринин сакталышына олуттуу тынчсызданууну жаратат. Бул принциптер кол салган тараптан жарандык калк арасындагы кокустук курмандыктарды алдын алуу же жок дегенде минималдаштыруу үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүнү талап кылат. Анын ичинде колдонулуучу куралдын түрүн жана сокку уруунун убактысын туура тандоо да кирет",- деген ал.
Эске салсак, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңириз масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.
Ал эми 2-мартта Ирандын түштүгүндө жайгашкан Шаджаре Тайебе аттуу кыздар мектебине АКШ жана Израил тарабынан сокку урулганы
маалымдалган.
New York Times гезитинин жазганына караганда, Минабдагы кыздар мектебине жасалган кол салуудан алынган кадрларды эксперттик талдоо жүргүзүлгөн. Ага америкалык Томахавк ракетасы менен сокку урулганы көрсөтүлгөн.
БУУнун туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциясы башталгандан бери 1348ден ашуун жай тургун набыт болгонун билдирген.