“Таксисттер биздин мокочо экенибизди туристтерге көрсөтүп коюуда” дешти депутаттар

Жогорку Кеңештин 23-январдагы жыйынында депутат Курмантай Абдиев өлкөдөгү таксисттердин ишин сынга алды. Айтымында, таксилерди бир формага салуу зарыл.

“Такси кызматтарына лицензия берип чөнтөктү толтуруп алсаңар эле болдубу? Аларды бир формага салып койсоңор болот да. Таксисттер көчөдө туруп алып карта ойношот, унаалары эски. Өлкөгө келген туристтер биринчи таксиге отурат. Биздин мокочо экенибизди таксисттер туристтерге көрсөтүп коюуда. Унаалардын чоңу да, кичинеси да бар. Салмагы 120 килограмм болгон бир адам батпай турган унаалар да такси кызматында жүрөт”,- деп өкмөт өкүлдөрүнө кайрылды депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан