Биз социалдык тармакта

Украинанын коркутуусуна кабылганын билдирген Орбан кыздары менен байланышты (видео)

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украина анын үй-бүлөсүн да коркутуп жатканын билдирди. Ал кыздары менен байланышкан видеосун социалдык баракчасынан бөлүшкөнүн чет элдик басылмалар жазышуда.

Тасмада Орбан кыздарынын атын атап, алар менен телефон аркылуу байланышып, эч нерседен коркпой, бирок ар бир күмөндүү жагдайларды олуттуу кабыл алууга чакырганын байкоого болот.

Бул билдирүү Украинанын мурдагы депутаты Григорий Оличенко Орбандын жашаган жери жана үй-бүлөсү тууралуу сөз кылгандан кийин тарады. Ошондой эле Украинанын президенти Владимир Зеленский Евробиримдиктин Украинаны колдоо чечимдерине бир адам гана тоскоолдук жаратып жатканын айтып чыккан.

Акыркы убакта Венгрия менен Украинанын мамилеси мунай түтүгүнө байланыштуу чыңалып кеткен.

Украинанын коркутуусуна кабылган Орбан кыздары менен байланышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан