Иран Индиянын желеги менен өтүүчү танкерлерге Ормуз кысыгынан өтүүгө уруксат берди.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, бул чечим Индиянын тышкы иштер министри Субахманиям Жайшанкар менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчинин ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган.
Кеминде эки индиялык танкер "Пушпак" жана "Паримал" Ормуз кысыгынан өтүп кеткенин NDTV телеканалы кабарлады.